"13-15 метр төмөн". Жалал-Абадда Мерседес-Бенц жарга асылып калган (сүрөт)
Жалал-Абадда куткаруучулар жарга асылып калган унааны тартып чыгарышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Таш-Көмүр шаарындагы Баетов көчөсүндө Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып, жарга такалып калган. Ал жерге ӨКМдин 6 куткаруучусу тартылып, атайын техниканын жардамы менен унааны болжол менен 13-15 метр ылдыйдыктан, жолго тартып чыгарып беришкен. Жабыркагандар катталган жок.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="75724,75725"]