SerepTV Logo

"12 күн комада жатып..." Ошто 20 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумду

"12 күн комада жатып..." Ошто 20 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумду
Ошто төрөттөн кийин 20 жаштагы келин каза болду. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден тастыкташты. Маалыматка караганда, 6-август күнү Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Ана-Кызыл айылынын 46 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызга 18-июль күнү 20 жаштагы кызы Өзгөн аймактын ооруканасынын төрөт бөлүмүндө төрөгөндөн кийин, кан басымы жогорулап кетсе да медицина кызматкерлери ага көңүл бурбагандыктан эсин жоготуп, 19-июлунда жандандыруу бөлүмүнө которушкандан кийин комага түшүп, 12 күн комада жатып, 31-июль күнү каза болуп калганын жазган. Анын айтымында, кызынын өлүмүнө төрөт үйүнүн кызматкерлери күнөөлүү жана аларга мыйзам чегинде чара көрүлүшү керек. Аталган факты Өзгөн РИИБге катталып,  Жазык кодексинин 152-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган жана маркумдун каза болгонунун себебин жана аны караган ооруканада иштеген медицина кызматкерлеринин аракетине юридикалык баа берүү максатында бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат.