SerepTV Logo

Болот Темировдун командасында иштеген 11 журналист 48 саатка камакка алынды. Тизме

Болот Темировдун командасында иштеген 11 журналист 48 саатка камакка алынды. Тизме
Кечээ, 16-январда ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берген 11 журналист 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди. Ал ошондой эле кармалгандардын тизмеси менен бөлүштү. 1. Махабат Тажибек кызы; 2. Сапар Акунбеков; 3. Азамат Ишенбеков; 4. Сайпидин Султаналиев; 5. Актилек Капаров; 6. Тыныстан Асыпбеков; 7. Максат Тажибек уулу; 8. Жоодар Бузумов; 9. Жумабек Турдалиев; 10. Айке Бейшекеева; 11. Акыл Орозбеков. Кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) 3-бөлүмү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айыпталып жатышат. 48 сааттан кийин алардын бөгөт чарасы сотто каралат. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="223646,223652,223656,223649,223655,223650,223647,223648,223651,223653,223654"]