SerepTV Logo

"100дөн ашуун жаран ооруканага кайрылган". Сузакта массалык уулануу болду

"100дөн ашуун жаран ооруканага кайрылган". Сузакта массалык уулануу болду
Сузакта 100дөн ашуун адам уулануунун белгилери менен ооруканага кайрылган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, Сузак районунун Бек-Абад айылынын 1964-жылы туулган тургуну 9-октябрь күнү үйүндө жылкы союп, 10-октябрь күнү небересине той өткөргөн. Тойго барган конокторго дал ошол союлган жылкынын эти тартылган. Бул тойго катышкан 100дөн ашуун жаран 11-октябрдан тартып дарыгерлерге кайрылышкан. Ооруканада жаткандардын арасында балдар да бар. Бул окуя Сузак РИИБге “уулануу” болуп катталып, азыркы учурда териштирүү иштери жүрүүдө.