SerepTV Logo

"10 жыл үй жумуштарына жардам берип жүргөн". Токтогулда 15 жаштагы кыз зордукталган

"10 жыл үй жумуштарына жардам берип жүргөн". Токтогулда 15 жаштагы кыз зордукталган
Жалал-Абадда 15 жаштагы кызды зордуктоого шектүү катары 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 21-сентябрга караган түнү саат 02:00 чамасында Токтогул районунунда жашы жете элек кызды 36 жаштагы жаран күч колдонуп зордуктап койгондугу боюнча милицияга билдирүү түшкөн. Бул окуя Токтогул РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан окуяга шектүү катары 1987-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал 10 жылдан бери жабырлануучу кыз жашаган үйдүн үй жумуштарына жардам берип жашап жүргөн.