SerepTV Logo

1 миллион сомдук зер буюмдарды уурдоого шектелген келин эмне үчүн үй камагына чыгарылган? Соттун жообу

1 миллион сомдук зер буюмдарды уурдоого шектелген келин эмне үчүн үй камагына чыгарылган? Соттун жообу
19-июнда «Күмүш саткан дүкөндөгү 1 миллион сомдук зер буюмдарымды уурдоого шектелген кызды үй камагына чыгарып жиберишиптир. Биз соттун акыйкат чечим чыгарып беришин талап кылабыз" деп СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Кара-Балта шаарындагы зер дүкөнүндөгү зер буюмдарын уурдаткан жаран кайрылган эле. Анын айтымында, окуя Кара-Балта шаарында 14-апрелге караган түнү болгон. Анда 2 кыз жана 3 бала аталган шаардагы зер буюмдары сатылган дүкөнгө кирип, 1 миллион сомдук зер буюмдарды уурдап кетишкен. Бишкекке келишип, уурдаган зер буюмдарды сатып жиберишкен. "Сот эмне жүйө менен кылмышка шектелген келинди үй камагына чыгарган?" деген суроо менен Чүй облустук сотуна кайрылдык. Алардын берген маалыматына караганда, шектүү кылган ишин өз мойнуна алган. Мындан тышкары, анын жашы жете элек 2 баласы бар экендиги аныкталды. "Шектүүгө карата Жазык кодексинин 200-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндөгү протоколдо анын кылмышты мойнуна алып жаткандыгы, кылмышты кандай, качан кылганын, дагы башка кылмышка тиешелүүлөрдү айтып берип, тергөө менен иш алып барып жаткандыгы жазылган. Мындан тышкары, анын жашы жете элек эки баласы бар, мурда соттолгон эмес. Сот тарабынан буларды эске алуу менен ал эркиндикте жүргөндө тергөө иштерине тоскоол болбойт деген чечим менен үй камагына чыгарылган", - дешти соттон.
edita