"1 миллион сомдон ашык зыян келтирген". Бажы кызматынын инспектору кармалды
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын инспектору мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган жаран жеке ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, Кыргыз Республикасына ар кандай эл керектөөлөрүнө керек товарларды импорттоо жолу менен алектенишип, импорттолгон жүктөргө бажы төлөмдөрүсүз бажы процедураларын жүргүзгөн. Мындан улам мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Кармалган Бажы талаптарын сактоо тобунун инспектору УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул факт боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.