Улуттук банк эмне иш кылат?
Улуттук банк – бул өлкөнүн башкы банкы. Анын ишмердүүлүгү “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” конституциялык мыйзамы менен жөндөлөт.
Улуттук банктын милдеттери көп. Алардын негизгилери:
- Улуттук банк акча эмиссиясын көзөмөлдөйт. Башкача айтканда, канча акчаны жүгүртүүгө киргизип, канчасын жана кайсыларын колдонуудан алып салууну чечет.
- Бүтүндөй банк системасынын туруктуулугу үчүн жооп берет жана каржы системасын жөндөйт, каржы кызматтарынын сапатына көз салат.
- Инфляцияны көзөмөлдөйт, эсептик ченди аныктайт, сомдун курсун жөндөйт, алтын валюталык резервин башкарат, мамлекеттик карызды төлөйт. Башкача айтканда, акча-кредиттик саясатты түзөт.