SerepTV Logo

Зулпукаровдун эжеси: “Бир туугандарымдын баары мигранттар. Төрөбайды мыйзамсыз баюуда шек саноого негиз жок”

Зулпукаровдун эжеси: “Бир туугандарымдын баары мигранттар. Төрөбайды мыйзамсыз баюуда шек саноого негиз жок”
Бир туугандарыбыздын баары мигрант болуп иштеп жүрүшөт. Төрөбайды мыйзамсыз баюуда шек саноого негиз жок”, - деди депутаттын бир тууган эжеси Анаркан Зулпукарова. Ал бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Бишкек шаардык сотунун алдында өткөн митинг учурунда айтты. Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров "Кумтөр" иши боюнча суракка алынып, 31-майда 2 айга камакка алынган. Анын бөгөт чарасы Бишкек шаардык сотунда каралмак. Бирок сотко анын өзү алынып келбегендиктен, отурум 23-июнга жылдырылды. Анын бошотулушун талап кылып, сот имаратынын алдына тарапташтары, жакындары чогулушту. https://youtu.be/38qlwQOlpIs
Unknown Author