Зулпукаровдун адвокаты анын камалышы тууралуу: "Бул Кумтөр боюнча эмес". Анда эмне үчүн?
Жактоочу Асылбек Кочкоров кошумчалагандай, айыптоодо депутаттар кабыл алган токтом мамлекеттин кызыкчылыгына шек келтирет деп айтылган, бирок анда мындай чечим кабыл алынган:
- депутаттык комиссиянын отчетун эске алуу, "Кумтөр Голд Компани" ЖАК менен инвестициялык келишимди мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген деп таануу;- мамлекеттик комиссия түзүп, 2012-жылдын 1-октябрына чейин экологиялык, өндүрүштүк жана башка зыяндарды баалоону жүргүзүү, келишимдин шарттарын кайра карап чыгуу демилгесин көтөрүү;
- Кыргызстандан директорлор кеңешиндеги кадрлардын санын жана сапатын карап чыгуу;
- Кумтөргө жаңы аянттарды бөлүп берүү жөнүндө токтомду жокко чыгаруу, 2009-жылы бөлүнгөн 13 миң 360 гектар аянтка лицензияны, ошондой эле кийинки ушул сыяктуу лицензияларды жокко чыгаруу;
- Башкы прокуратура "Кумтөр" долбоору боюнча фактыларды териштирип, укуктук баа берүүсү.
«Бул токтом мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келеби? Узакбаев менен Баатырбеков токтомдун аткарылышын көзөмөлдөшү керек болчу, бирок алар бошотулуп, биздин кардар камакта калууда», - деди жактоочу. https://www.youtube.com/watch?v=Xc4WOjwpsKkЗулпукаров УКМК тарабынан 31-майда кармалып, анын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алган.