Корей атактуулары G-Dragon менен Женнинин кыз-жигит экендиги айтылууда
Түштүк Кореянын "Bigbang" тобунун ырчысы G-Dragon менен "Blackpink" тобунун солисти Женнинин бир жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөндүгү тууралуу маалыматтар чыкты.
Атактуу ырчы кыздын рэпердин үйүнө байма-бай каттай турганы жана түнөп калары бир канча ирет кадрга илинип калган. Эки белгилүүгө жакын болгон адамдар журналисттерге алардын мамилеси бар экенин ырастап беришкен. "G-Dragon менен Женни кыз-жигитпи?" деген суроого алардын "YG Entertainment" деп аталган компаниясы "Биздин артисттердин жеке жашоосу тууралуу маалымат бере албайбыз. Түшүнүү менен кабыл алыңыздар" деп жооп кайтарган.