Белгилүү корей актрисасы Соң Хйе Кйо башкы ролду ойногон жаңы сериал дүйнөлүк рейтингде 5-орунга чыкты
Белгилүү корей актрисасы Соң Хйе Кйо башкы ролду ойногон Netflix сервисинин жаңы "Атак-даңк" («The Glory» / «Слава») сериалы дүйнөлүк рейтингде 5-орунга чыкты.
Сериалдын 1-8-эпизоддору 30-декабрда көрүүчүлөргө жарыяланып, эки күн ичинде рейтингдин жогорку сабына көтөрүлдү. 16 сериядан турган "Атак-даңктын" калган бөлүгү ушул жылдын март айында көрсөтүлөт. Түштүк Корея, Индонезия, Малайзия, Филиппиндер, Катар, Сауд Арабия, Сингапур, Тайвань, Таиланд жана Венесуэлада сериал биринчи орунга чыкты.
"Атак-даңк" - бул «Мистер Саншайн», «Гоблин» жана «Күндүн мураскерлери» сериалдарынын сценаристи Ким Ын Сук жазган алгачкы пьеса. Аталган драмада мектепте кордук көргөн кыздын өч алуусу чагылдырылат.
https://www.youtube.com/watch?v=kiuPvFvVeXE
Посмотреть эту публикацию в Instagram