Белгилүү корей актрисасы Пак Шин-хйе турмушка чыкты
Кечээ, 22-январда белгилүү корей актрисасы Пак Шин-хйе менен корей актёру Чой Тэ-Жундун үйлөнүү-үлпөт тою болуп өттү. Корей басылмалары жазып чыккан маалыматтарга караганда, салтанат Сеул шаарындагы чиркөөлөрдүн биринде орун алган.
Актриса үйлөнүү-үлпөт тойдо кийиле турган улуттук көйнөктө түшкөн сүрөтүн жарыялады. Билдирүүнү "Куттуктоо жана каалоо-тилек жөнөткөн ар бириңиздерге ыраазычылык" деген жазуу менен коштогон.
2021-жылдын ноябрь айында эки атактуу ымыркай күтүп жатышканын жана жакын арада бош кошо тургандыгын жарыялашкан. Алар 2017-жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп келишет, ал эми элге мамилесин 2018-жылы айтышкан. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="94591,94590,94593,94592,94594"]Посмотреть эту публикацию в Instagram