"Атак-даңк" сериалы Түштүк Кореянын абройлуу сынагында "эң мыкты дорама" аталды
"Атак-даңк" сериалы Түштүк Кореянын абройлуу сынагы деп таанылган "Baeksang Arts Awards" сыйлыгын тапшыруу аземинде "эң мыкты дорама" аталды. Ал 28-апрель күнү 59-жолу өтүп, анда киноиндустрия, телевидение жана театрдагы эң мыкты эмгектер өз баасын алды.
Дорама жана тасмалар категориясындагы жеңүүчүлөр:
Дэсан (башкы сыйлык)
• Пак Ынбин — "Адаттан тыш адвокат У Ён У" сериалы
Эң мыкты дорама
• "Атак-даңк"
Эң мыкты актёр жана актриса (дорамалар)
• Ли Сонмин — "Магнаттын кенже уулу"
• Соң Хйе Кйо — "Атак-даңк"
Эң мыкты режиссёр: Ю Иншик — "Адаттан тыш адвокат У Ён У" сериалы
Эң мыкты сценарий: Пак Хэён — "Менин эркиндикке чыгууга карай күндөлүгүм"
Дэсан (башкы сыйлык)
• "Кетүү чечими" тасмасы
Эң мыкты фильм
• "Түнкү үкү"
Эң мыкты актёр жана актриса (фильмдер)
• Рю Чжунёль — "Түнкү үкү"
• Тан Вэй — "Кетүү чечими"
Эң мыкты режиссёр: Пак Чанук — "Кетүү чечими"
Эң мыкты сценарий: Чон Чури — "Кийинки Сохи"
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="177471,177468,177469,177461,177456,177458,177462,177463,177457,177455,177453,177454,177459,177460,177464,177465,177466,177467,177470"]