SerepTV Logo

Зардалы айылы электр энергиясы менен камсыздалды (сүрөт)

Зардалы айылы электр энергиясы менен камсыздалды (сүрөт)
Зардалы айылы электр энергиясы менен камсыздалды. Бул тууралуу энергетика министрлигинен билдиришти. Энергетика министри Таалайбек Ибраев алыскы Зардалы айылына барып, жергиликтүү тургундарды электр энергиясы камсыз кылуу иш-чарасына катышты. Бүгүнкү күндө Зардалы айылы электр энергиясы менен камсыздалды. Эске салсак, Зардалы айылында буга чейин электр жарыгы жок болгон. Айылды жарыктандыруу маселеси Элдик Курултайда бир нече жолу көтөрүлүп келген. Анын жыйынтыгында Садыр Жапаров 29-сентябрда аталган айылдын жашоочуларына барып, электр энергиясы менен камсыздоого жардам көрсөтүүнү убада кылган. Энергетика министрлиги тарабынан Зардалы айылынын тургундарын электр энергиясы менен камсыздоо үчүн тез арада ар бир үйгө жана коомдук имараттарга жалпы минималдуу кубаттуулугу 306 кВт болгон 61 комплект күн батареялары, көлөмү 200 литр болгон 6 комплект күн суу жылыткычтар, айылдын автономдук электр жабдуусу үчүн аккумулятордук 600 Вт батареясы менен 75 даана көчө прожекторлорун орнотуу чечими кабыл алынган. Аталган айылды электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жалпы 40тан ашык энергетик эмгектенди.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от МИНЭНЕРГО КР (@minenergo.kg)