SerepTV Logo

Юрист: "Ички иштер министрлиги Жаныш Бакиевге сот тарабынан ажыратылган наамын кайтарып берди"

Юрист: "Ички иштер министрлиги Жаныш Бакиевге сот тарабынан ажыратылган наамын кайтарып берди"

Ички иштер министрлиги Жаныш Бакиевди Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын мурдагы жетекчилеринин стендине кошуп, ага сот тарабынан ажыратылган генерал-лейтенант наамын жана сый-урматты кайтарып берди. Мындай пикирин юрист Замир Жоошев Фейсбук баракчасына жазды. 

«2013-жылы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча Бишкек гарнизонунун Аскердик соту Жаныш Бакиевди үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыраткан. Ал генерал-лейтенант аскердик наамынан да ажыратылган эле. Ал эми Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын стендиндеги сүрөттө Жаныш Бакиев генерал-лейтенанттын формасын кийген», - дейт юрист. 

«Бул жазанын негизги максаты – бир эле учурда оор же өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолуунун болушу (адамга терс мүнөздөмө берүү) менен айрым наамдар менен жетишкендиктердин (адамга оң мүнөздөмө берүү) ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу. Бирок иш жүзүндө карама-каршылыктар байкалууда. Сот бийлигинен турган мамлекеттик аппарат Жаныш Бакиевдин инсандыгын терс жана татыксыз генерал-лейтенант катары сыпаттап, ИИМ жана Баңгизатка каршы күрөшүү өкүлдөрүнүн образында генерал-лейтенант катары урмат-сыйга татыктуу деп тааныган. Ар бир мамлекет ичинде бөлүнүп-жарылса, анда бош болуп каларын унутпашыбыз керек”, - деп жазды Замир Жоошев. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча ИИМге кайрылганыбызда, стендден анын сүрөтү алынганын, ушул маалымат жетиштүү экенин билдиришти.