SerepTV Logo

Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө белсенген Владислав Шулико бүгүн марага жетет

Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө белсенген Владислав Шулико бүгүн марага жетет
Бүгүн, 27-августта Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүүгө белсенген Владислав Шулико марага жетет. Бул тууралуу суучул социалдык тармактагы баракчасына жазды. Маалыматка караганда, ал жээкке саат 13:00дө чыгат. "27-августта саат 13:00 чамасында менин сууда сүзүүм аяктайт. Финиш Балыкчыда болот, мүмкүнчүлүгү барлардын баарын "Алия" пансионатынын жээгинен күтөм күтөм", - деп жазды ал.  Шулико 22-августтан 27-августка чейин «Issyk-Kul Swim 181» долбоордун алкагында Ысык-Көлдү Каракол шаарынан Балыкчы шаарына чейинки аралыкты сүзүп өтөрү маалым болгон. Спортчу аба ырайынын шарттарын жана башка факторлорду эске алуу менен 4-5 күндүн ичинде марага жетүүнү максат кылган.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Vladislav Shuliko (@shulikovlad)