SerepTV Logo

Ысык-Көлдөгү балдар лагерлери жана санаторийлер жеке ишкерлерге берилет

Ысык-Көлдөгү балдар лагерлери жана санаторийлер жеке ишкерлерге берилет
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында мамлекеттик объектилердин реконструкциясы үчүн менчик компаниялардан сунуштарды кабыл алынарын Экономика жана финансы министрлиги сайтына жарыялады. Анда жеке ишкерлер мамлекеттик объектилердин бир бөлүгүн капиталдык оңдоодон өткөрүп 10 жылга ижарага алса болот. Ал эми калган бөлүгүнүн курулушун болсо аягына чыгарып, модернизациялоо министрлик тарабынан сунушталууда. Мамлекет берип жаткан объектилердин көп бөлүгү Ысык-Көл жээгиндеги мамлекеттик пансионаттар. Тизмеде 30 пансионат жана балдар лагерлери, ден соолук чыңдоочу санаторийлер бар. Министрлик SEREP MEDIA маалымат агенттигине жеке ишкерлерге пансионаттардан тышкары мамлекеттик лагерлери жана санаторийлерди берүү кадамын имараттар реконструкциялоого жана кызмат көрсөтүүсүн модернизациялоого муктаж деп түшүндүрүштү. "Мамлекеттик объектилерди жеке ишкерлерге бергенден кийин алар өзү каалагандай ишмердүүлүк жүргүзөт деп айта албайбыз. Ооба, себеби тизмеде балдар лагерлери менен санаторийлер бар. Аларды алган ишкерлер пансионат кылып алабы же ошол бойдон эле иштетеби, биз азыр айта албайбыз. Себеби мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ортосундагы келишим учурда иштелип жатат. Келишимде бардык жактар каралып, анан түзүлөт", - деп билдиришти Экономика жана финансы министрлигинин жооптуу адистери. Буга чейин Артем Новиков премьер-министр болуп турган кезде туристтик потенциалды өнүктүрүү боюнча иш алып баруудагы мамилени өзгөртүү зарыл экенин айтып, аталган тармакта мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү керектигин билдирген.
Unknown Author