SerepTV Logo

Ысык-Көлдөгү 2 шайлоо тилкесинин иши узартылды

Ысык-Көлдөгү 2 шайлоо тилкесинин иши узартылды
Ысык-Көлдүн Чоң Сары-Ой айылындагы №3023 шайлоо участкасынын жана Ак-Суу районундагы Тепке айылындагы №3092 шайлоо участкасынын иши узартылды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.  БШК мындай чечимди техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кабыл алган. Чоң Сары-Ой айылындагы №3023 шайлоо участкасы бүгүн саат 23:00гө чейин иштейт. Ал эми, Ак-Суу районундагы Тепке айылындагы №3092 шайлоо участкасынын иши 18-ноябрь саат 20:00гө чейин узартылган.