Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү милицияга чакыртылды (видео)
Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн арасында алдын алуу иштерин өткөрүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
"Шайлоо процессине уюшкан кылмыштуу топторунун мүчөлөрүнүн криминалдык кийлигишүүсүнө жана аймакта коомдук-саясий кырдалдын курчуп кетишине жол бербөө максатында Ысык-Көл ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын алдындагы уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, аталган контингенттин өкүлдөрү арасында күчөтүлгөн алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Аталган алдын алуу иш-чараларынын алкагында ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын активдүү мүчөлөрү катары турушкан айрым жергиликтүү тургундар ички иштер бөлүмдөрүнө алып келинип, алар менен тийиштүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө, шайлоо процесстерине алардын мыйзамсыз кийлигишүүсүнө жана кайсы бир талапкердин же партиянын кызыкчылыгын колдоого жол берилбестиги, эгерде ушундай фактылар аныкталса, мыйзам чегинде жоопко тартылары эскертилди.
https://youtu.be/vR5NxmesVDE
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="84661,84662,84663,84664,84665,84666,84667,84668,84669,84670"]