SerepTV Logo

Ысык-Көлдө сел жүрүп, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу жабылды

Ысык-Көлдө сел жүрүп, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу жабылды
Бүгүн, 31-июль күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районунда саат 06:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Күн-Чыгыш айыл аймагындагы Кажы-Сай айылында сел жүргѳн. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Мааалыматка ылайык, сел Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун болжол менен 154-чакырымында орнотулган бетон шакекчелерди жууп кетип, жараксыз абалга келген. Учурда унаа жолу жабык. Жерине техникалар тартылууда, ошондой эле Кажы-Сай айылында турак үйлөрдү каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
edita