Ысык-Көлдө мыйзамсыз сакталган 110 ок атуучу курал алынды
Ысык-Көл облусунда 100дөн ашык мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар алынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтымында, бир айдын ичинде "Арсенал" укук коргоо органдарынын кызматкерлери үч миңден ашуун мергенчилерди, газ-травматикалык жана сыйлыкка берилген куралдардын ээлерин текшеришти.
Ок атуучу куралды каттоонун жана сактоонун шарттарын сактабагандыгы үчүн мыйзам бузуулар боюнча укук коргоо органдары 451 протокол түзүшкөн. Аларга салынган айып пулдун көлөмү 51 миң сомду түздү.
Ошондой эле бир айлыктын ичинде 61 кылмыштын бетин ачып, издөөдө жүргөн төрт кылмышкерди кармашты жана баңги кылмышы боюнча 12 фактынын бетин ачышты.