Ысык-Көлдө мигранттардын балдарынын жашоо-шарты текшерилип жатат (сүрөт, видео)
Жайкы мезгилде балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан “Укук, тартип" профилактикалык иш-чарасы киргизилип, анын алкагында мигрант балдардын жашоо шарттары текшерилүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө облустун өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте мигранттардын балдарынын жашоо-шарты менен жакындан таанышышып, ошондой эле маалымат базасын толуктоо максатында, аймакта бул багытта мониторинг иштерин даг жүргүзүүдө.
Ысык-Көл ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Мирбек Табалдиевдин айтымында, мындай иш-чаралар өз маалы менен үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келүүдө. Ушул жылдын 5 айында облустун аймагында мигранттардын балдары жашаган 13 миӊден ашык үйлөр текшерилип чыккан. Анда 7668 мигранттардын балдары аныкталган, анын ичинен 2890 ички жана 4778 тышкы мигранттардын балдары болуп эсептелинет. Чет өлкөлөргө чыгып кеткен ата-энелердин саны 3876 адамды түзгөн.
«Мурда такталган тизмелердин негизинде, иш-чара учурунда биздин жана социалдык кызматкерлер мигранттардын балдары жашаган үйлөр кылдаттык менен текшерилүүдө. Алардын жашоо-шартын текшерип, жайкы каникул учурунда балдар кайсыл жерлерде болорун тактап жатабыз. Алыскы туугандарына жана тааныштарына калтырып кеткен балдар да жок эмес. Мындай үй-бүлөлөр менен мыйзамдын негизинде камкорчулукту толтуруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», - деп белгиледи ал.
[video width="640" height="352" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/06/whatsapp-video-2021-06-09-at-10.37.34.mp4"][/video]
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="53197,53198,53199,53200,53201,53202,53203"]