Ысык-Көлдө "Мен көчмөнмүн" аталышындагы эл аралык туристтик жарманке башталды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда "Мен көчмөнмүн" деп аталган кезектеги Ысык-Көл эл аралык "ITF-2021" туристтик көргөзмө-жарманкесинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Куттуктоо сөзүндө мамлекет башчысы Ысык-Көл эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси 2016-жылдан бери эл аралык деңгээлде өткөрүлүп келе жаткандыгын эске салды. Ал аталган иш-чарага катышуучулардын жана кызыккандардын саны жыл сайын өсүп жатканын - учурда коңшу өлкөлөрдүн туристтик бизнестеринин көпчүлүк өкүлдөрү бул аянтча тууралуу көбүрөөк биле баштаганын жана алар ушул иш-чаранын алкагында өз продукцияларынын бет ачарын өткөрүп келе жатканын канааттануу менен белгиледи.
Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунан башталган "ITF-2021" эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн башкы максаты Кыргызстанды экологиялык жана этно туризмдин өлкөсү катары таанытуу жана өнүктүрүү болуп саналат. Көргөзмөнүн программасы үч бөлүктөн турат, алар ар башка убактарда үч жерде өткөрүлөт - «Issyk-Kul» көргөзмө-жарманкеси, "Кыргызстан - туризмдин өлкөсү" туристтик форуму, Кыргызстандын туристтик рыногунан жана өнөктөштөрдөн мыкты катышуучуларды сыйлоо иш-чаралары.