SerepTV Logo

Караколдо жаңы жылдык балаты жандырылды (видео)

Караколдо жаңы жылдык балаты жандырылды (видео)
Кечээ, 23-декабрда Каракол шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатыны жандыруу аземи болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. "Бул иш-чара жаңы жылдын алдында шаар тургундары менен конокторун кубандырган майрамдык иш-чаралардын расмий башталышы болду. Майрам күндөрү коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө", - деп жазылат маалыматта.