SerepTV Logo

Ысык-Көлдө желим баштык колдонгондорго жана саткандарга рейд жүрдү

Ысык-Көлдө желим баштык колдонгондорго жана саткандарга рейд жүрдү
Кечээ, 8-апрель күнү Каракол шаарында полиэтилен пакеттерин колдонууга жана сатууга карата тыюунун аткарылышын көзөмөлдөө боюнча кезектеги рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Рейддин негизги максаты — президенттин 2022-жылдын июль айында чыккан «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча шашылыш чаралар жөнүндө» жарлыгынын аткарылышын текшерүү. Рейд учурунда шаардагы ири соода түйүндөрү, дүкөндөр жана супермаркеттер текшерилип, мыйзам бузуу учурлары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. “Мыйзамды бузган жарандарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Учурда биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз — бул маалыматтык этап. Бирок жакын арада мыйзамды сактабагандарга карата санкциялар колдонулат. Учурда Ысык-Көл облусунун аймагында 500дөн ашык эскертүү баракчалары таратылды”, - деп айтылат маалыматта. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="281070,281071,281072,281073"]