SerepTV Logo

Ысык-Көлдө балык уулоого кеткен 73 жана 56 жаштагы кишилер 3 күндөн бери дайынсыз

Ысык-Көлдө балык уулоого кеткен 73 жана 56 жаштагы кишилер 3 күндөн бери дайынсыз
Ысык-Көлдө балык уулоого кеткен 73 жана 56 жаштагы кишилер 3 күндөн бери дайынсыз болуп жатышат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, алар 14-декабрда Тоң районундагы Кажы-Сай айылынан балык уулоого чыгып кетишкен, бирок үйүнө кайтып барышкан эмес. Жарандардын жоголгондугу тууралуу маалымат "102" кызматынан ӨКМге 16-декабрь күнү түшкөн. Ал жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу, 2 суучул жана ИИМден 8 кызматкер тартылды. Издөө иштери бүгүн улантылат.