SerepTV Logo

Ысык-Көлдө 5 майып бала коляска менен камсыз болсо, 10 адам санаторийге жолдомо алды

Ысык-Көлдө 5 майып бала коляска менен камсыз болсо, 10 адам санаторийге жолдомо алды
Прокуратуранын кийлигишүүсүнүн негизинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кресло-коляскалар менен камсыз болушту. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Мыйзамга ылайык, ден-соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, кыймылы жабыркаган адамдарга мамлекет тарабынан кыймылдап-жылып турууга керектүү техникалык каражаттар берилүүгө тийиш. Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жашаган көрсөтүлгөн категориядагы 5 бала көп убакыттан бери кресло-коляска менен камсыз болбогондугу жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саламаттыкты чыңдоо мекемелерине жолдомо алуусу боюнча кыйынчылыктар орун алып келгендиги аныкталган. Алардын укугун коргоо максатында, Ак-Суу райондук прокуратурасы тарабынан райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына прокурордук чара көрүү акты келтирилген. Аны кароонун  жыйынтыгы менен 5 майып бала кресло-коляска менен камсыз болуп, мүмкүнчүлүгү чектелген 10 адам курорттук-санаторий мекемелерине жолдомо алышты.