Ысык-Көл облусунда жер титиреди
Бүгүн, 12-февралда болжол менен саат 07:57 чамасында Ысык-Көл облусунда очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын күчү Тоң районунун Кажы-Сай, Туура-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок