SerepTV Logo

Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Ысык-Көл облусунда жер титиреди
Бүгүн, 9-февралда болжол менен саат 07:07 чамасында Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Анын очогу Күнгөй Ала-Тоо кыркаларынын капталдарында, Корумду айылынан 22 чакырым түндүк-чыгышта, Бостери айылынан 31 чакырым түндүк-чыгышта, Чолпон-Ата шаарынан 36 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. "Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү сезилген жок",- деп жазылат маалыматта.
edita