SerepTV Logo

Ысык-Көл: Ноорузда боз үй тигүүгө тыюу салынды

Ысык-Көл: Ноорузда боз үй тигүүгө тыюу салынды
Ысык-Көл облусунда Нооруз майрамын белгилөө санитардык нормаларды сактоо менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев билдирди. Санитардык эпидемиологиялык станциянын башчысы Нуркемел Бектуровдун айтымында, иш-чара ачык аянтчада өтүшү керек. Бирок боз үй тигип, майрамдык тамак-аш даярдап, элди коноктоого болбойт. Майрамдык иш-чаранын катышуучулары сөзсүз бет кап тагынып, аралыкты сакташы зарыл.
Unknown Author