«Ысык-Көл» аэропорту 8 жылдан бери алгачкы ирет Жалал-Абаддан каттамды тосуп алды (сүрөт)
«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 1-июлда 8 жылдан бери алгачкы ирет Жалал-Абаддан каттамды тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Тез Жет» авиакомпаниясынын RG 85 учагы менен Жалал-Абад - Тамчы багытында 91 жүргүнчүнү, анын ичинде 13 бала барды. Ал эми Тамчы - Жалал-Абад багыты боюнча 11 жүргүнчү учуп кетишти. Жүргүнчүлөр бул каттамдын ыңгайлуу жана жайлуу экендигин белгилешти. Авиакомпания каттамды жумасына 2 жолу — дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүүнү пландоодо.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="60973,60974,60975"]