SerepTV Logo

Ысык-Ата районунда 16 жаштагы өспүрүм асынган абалда табылды

Ысык-Ата районунда 16 жаштагы өспүрүм асынган абалда табылды
Кароосуз калган үйдүн сарайынан өспүрүмдүн жансыз денеси табылганын бүгүн, 1-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 30-сентябрь күнү саат 20:45те Ысык-Ата районунун Горная Серафимовка айылында борбор калаанын 2008-жылы туулган тургуну асылган абалда табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерде ыкчам-тергөө тобу иш алып барган. Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.