SerepTV Logo

Ырчы Саламат Садыкова Казакстандын эл аралык сыйлыгына татыды

Ырчы Саламат Садыкова Казакстандын эл аралык сыйлыгына татыды
Кыргыз эл артисти Саламат Садыковага Абай Кунанбаев атындагы эл аралык сыйлык ыйгарылды. Бул тууралуу анын кызы Кундуз Авашова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Маалыматка ылайык, эл артисти Саламат Садыковага сыйлыкты Казакстандын Маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова тапшырган. Тапшыруу аземи кечээ 10-мартта Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында ачылган Абай Кунанбаев атындагы Казак-Кыргыз маданий борборунда өткөн. Белгилей кетсек, быйыл Казакстанда казактын улуу ойчулу, агартуучу акыны Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу ар кандай иш-чаралар Кыргызстанда да өткөрүлүүдө.  
Unknown Author