Ырчы Расул Маматкуловдун кызы "Кыргызстан сулуусу" сынагын жеңди (видео)
Ырчы Расул Маматкуловдун кызы 19 жаштагы Аяна Расул кызы 2025-жылдын "Кыргызстан сулуусу" аталды. Иш-чара кечээ, 24-сентябрда өттү.
Уюштуруучулардын айтымында, бул жылы 4 сулуу "Кыргызстан сулуусу" аталган. Алардын ичинен 3 кыз Кыргызстандын намысын эл аралык сынактарда коргойт.
- "Кыргызстан сулуусу INTERNATIONAL" - Сюзанна Уметова;
- "Кыргызстан сулуусу GRAND INTERNATIONAL" - Медина Эрмекова;
- "Аалам сулуусу" сынагына Анара Эсенгелдиева катышат;
- "Кыргызстан сулуусу" Аяна Расул кызы.
Посмотреть эту публикацию в Instagram