SerepTV Logo

Ырчы Мирлан Баековдун атасы кайтыш болду

Ырчы Мирлан Баековдун атасы кайтыш болду
Кечээ, 13-мартта ырчы Мирлан Баековдун атасы Баек уулу Бейшеналы 69 жашында оорудан улам каза болду. Бул маалыматты бүгүн, 14-мартта СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ырчынын жубайы тастыктады. "Атабыз умра сапарынан келгенине аз эле болгон. Ооруканадан чыкканына 2 күн болгондо, кечээ каза болуп калды. Баарыбыз үчүн күтүүсүз, оор кабар болду. Бүгүн өзү туулуп-өскөн Торкен айылында жерге берилди", - дейт ырчынын жубайы. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Мирлан Баековго жана жакындарына көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.