"Ынтымак Ордону" көргөнү барган адамдар эмнелерди кылбашы керек?
1) имаратка спирт ичимдиктерин, тамак-аш, суусундуктарды, балмуздак ж.б. алып кирүүгө;
2) имараттын ичине ок атуучу куралдарды, саючу-кесүүчү предметтерди, бат от алуучу баллондорду, ууландыруучу, жардыруучу жана зыяндуу заттарды, чоң көлөмдөгү баштык, рюкзак, чемодан ж.б. буюмдарды алып кирүүгө;
3) ролик, велосипед, скейтборд ж.б. пайдаланууга;
4) коомдук жалпы жүрүм-турум эрежелерин, кооопсуздук техникасын, ошондой эле экскурсия өткөрүүчүнүн талаптарын бузууга;
5) коштоп жүргөн жооптуу кызматкерсиз өз алдынча кызматтык бөлмөлөргө жана башка жайларга кирүүгө;
6) имараттын ичиндеги приборлорду, жабдууларды, жарык берүүчү жана башка техникалык системаларды өз алдынча өчүрүп-күйгүзүүгө.
Каралган эрежелерди бузган жаранга административдик имараттын ички тартибин көзөмөлдөөчү кызматкерлер тарабынан эскертүү берилет. Коомдук тартипти бузган жарандарга Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чара колдонулат.