SerepTV Logo

Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна сегиз саат ичинде 17 кайрылуу түштү

Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна сегиз саат ичинде 17 кайрылуу түштү
Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүндө Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 17 кайрылуу түштү. Бул тууралуу БШКнын Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди. Анын айтымында, түшкөн кайрылуулар ИИМге жиберилди, аларга карата тиешелүү юридикалык баа берилет. “Жалпы 17 кайрылуунун экөө добуш сатып алуу, бешөө үгүт иштериндеги эреже бузуу, бирөө шайлоочуларды ташуу, бирөө шайлоо эрежелерин бузуу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө карата 3 арыз, бешөө автоматтык эсептөө урналарындагы көйгөй боюнча түшкөн. Аймактар боюнча, Бишкектен бир, Баткенден үч, Жалал-Абаддан бир, Ысык-Көлдөн бир, Ош облусунан эки, Чүй облусунан тогуз кайрылуу келген”, – дейт Шайназаров.
Unknown Author