SerepTV Logo

"Үйүнөн чыккан боюнча кайтып барган эмес". Балыкчыда 18 жаштагы Азим Садырбеков изделип жатат

"Үйүнөн чыккан боюнча кайтып барган эмес". Балыкчыда 18 жаштагы Азим Садырбеков изделип жатат
Балыкчыда бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы Азим Садырбеков изделип жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, ал 13-августта болжол менен саат 11:00 чамаларында үйүнөн чыгып, бүгүнкү күнгө чейин кайтып барган эмес. Белгилери: бою 165-170 см., көздөрү кара, арыкчырай дене түзүлүштө, ак жумал, желкесинде тоголок формада калы бар. Кийген кийими: ак футболка, кара жынсы шым, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим. Кимде ким, өспүрүмдүн кайда жүргөнү жөнүндө маалыматы болсо, Балыкчы ШИИБге: (03944) 3-27-03,  0700 55 90 98, 0551 26 79 97, 0509 24 24 44 же "102" кызматына билдирип коюну суранышат.