"Ыйлап келген". Ташиев министрди коркуткан бандит тууралуу айтты
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокаттагы эл менен жолугушуу учурунда 2 жыл мурун ага министр ыйлап барганын айтты.
"Мага "кечээ бандиттердин чоңу чалып, могуну кылбасаң бала-чакаңды карайсың, көрөсүң, азабын тартасың" деп коркутту. Арызымды жазып кетейин" деп келиптир",- деди ал.
Ал аткаминерди өзү калкалап, аягында “үй-бүлөсүнө зордук көрсөтөм” деген бандит жок кылынганын айтты.