SerepTV Logo

Экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин кайрылуусу (видео)

Экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин кайрылуусу (видео)
Эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алган мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасады. "Муфтий чет мамлекетке качып кетиптир, Түркияга качып кетиптир деген сөздөр чыгып жатат. Кудайдан корколу жана дагы кудайга чакырам. Эгер биз ушинтип бузула берсек, кантип мамлекет оңолот. Мен Бишкектемин, бала-чака үй-бүлөм менен. Азыр телефон албайм. Телефонду алып жооп бере бергенде кандай деген заман кетип жатат. Телефонду албай койгондун мааниси ал асманга учуп кетиптир деген эмес да. Ынтымакка келели. Азыр өлкө чоң оор убакытты башынан өткөрүп жатат. Жакында эле инаугурация болду, азыр бизди баары карап турат. Ар кимибиз ар жакка тарта берсек, эгемендиктен эмне калат. Дос болобу, бири-бирибизге жардам берели. Эгер дос боло албасак, анда душман болбойлу, жакшылык каалай албасак, жаман айтпайлы. Мактай албайбызбы, жамандабайлы, уят болбойлу. Баарыңыздарга чоң рахмат!", - деп айтылат билдирүүдө. Буга чейин муфтияттын башкы эсепчиси өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. 10-февралда УКМК Максатбек Токтомушевдин кармалганын билдирген. Ал эми 12-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат менен чыгарган болчу. [video width="424" height="360" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/02/maksat_ajy_toktomushevdin_kairyluusu_.mp4"][/video]
edita