Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганда эмне кылуу керек? ИИМден кеңеш
Үй-бүлөлүк зомбулук - жабырлануучунун макулдугуна, эркине жана кызыкчылыктарына карама-каршы келип, белгилүү бир максатта жүзөгө ашырылган үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин максаттуу эмоционалдык же күчтөп мажбурлоосу, аракети. Үй-бүлөлүк зомбулук зомбулуктун башка түрлөрүнөн негизги айырмачылыгы жакын же үй-бүлөлүк мамиледе болгон адамдардын ортосунда гана болот.
ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, эгерде критикалык кырдаал укук коргоо органдарынын кийлигишүүсүн талап кылбаса же аны чечүүгө мүмкүн болсо дагы, бир катар алдын алуу чараларын көрүңүз:
- коркунуч жаралган учурларда бара турган коопсуз жайыңыз бар болушу керек (туугандарыңыз, досторуңуз);
- үй-бүлөңүздө болуп жаткан кырдаал жөнүндө жакындарыңыз кабардар болушу керек;
- милиция менен коркутпаңыз (бул үйдөгү зөөкүр адамыңыздын күтүүсүз реакциясын жаратышы мүмкүн), өз убагында анын өкүлдөрү менен байланышыңыз. Мыйзам сиз тарапта экендигин эсиңизден чыгарбаңыз!