"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун кимдер ала алат? Жол-жобосу
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөк пулду алуунун жол-жоболорун маалымдайт.
Кайсы үй-бүлө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун ала алат?
«Үй-бүлөгө көмөктү» төмөнкү үй-бүлөлөр ала алат:
- 16 жашка чейинки балдары бар;
- Үй-бүлөдө бир адамга бир айлык киреше кепилденген эң төмөнкү кирешеден, б.а. 1000 сомдон төмөн болсо.
- айлык акы, стипендия;
- ишкердик ишинен түшкөн кирешелер (салык органдарынын маалымкатынын негизинде);
- жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер (айыл өкмөтүнүн маалымкатынын негизинде) жана башкалар.
- паспорт;
- балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк;
- үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси тууралуу маалымат;
- банктык маалымдаректер.
- жердин өлчөмүн жана түшүмдүүлүгүн көрсөтүү менен жердин барлыгы тууралуу маалымкат;
- мал чарбасынын түрү жана саны тууралуу маалымкат;
- статусту же кирешени тастыктоо зарылдыгына жараша башка документтер.