SerepTV Logo

Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмү: Билим берүү министрлиги кайрылуу жасады

Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмү: Билим берүү министрлиги кайрылуу жасады
Билим берүү жана илим министрлиги Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин трагедиялуу каза болгон фактысына байланыштуу коомчулукка кайрылуу жасады. Кайрылуунун текстинде төмөнкүдөй деп айтылат: Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин трагедиялуу каза болгон фактысы боюнча түзүлүп жаткан кырдаалды, коомдук пикирди бурмалоо аракеттерин жана балдар менен педагогдордун, бул окуянын күбөлөрүнүн психологиялык оор абалын эске алуу менен Билим берүү жана илим министрлиги коомчулукка расмий кайрылуу менен чыгууну зарыл деп тапты. Военно-Антоновкадагы балдар үйү жетим балдар жана ата-энеден кароосуз калган балдар үчүн ачылган мекеме экенин белгилөө зарыл. Тарбиячылар менен педагогдордун жогорку педагогикалык билими бар, тийиштүү категориядагы балдарды окутуу-тарбиялоо иштери боюнча системалуу түрдө курстардан өтүп турушат, бейөкмөт уюмдардын көп сандаган текшерүүлөрү (рэкет, дедовщина маселелери боюнча дагы) бул балдар үйүнүн жакшы репутациясын көп жолу далилдеген. Балдар үйүнүн кызматкерлери, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик кызматкерлери өзүнүн ишинде маалыматты жаап-жашырууга жол бербеш үчүн өзүнүн жоопкерчилигин жетиштүү түрдө билет, аны окуялардын төмөнкү хронологиясы күбөлөп турат:
  • 1-июнда балдарды уктатууга даярдык көрүлүп жаткан учурда, тарбиячынын жардамчысы балдардын чакырыгы боюнча барып, Игорь Якунинди уктоочу бөлмөдө эс-учу жок жаткан абалда көрөт, аны бирге ойноп жаткан балдар тегеректеп турган болот. Тарбиячы жергиликтүү “Тез жардамды” чакырууга аракет кылып, чалып ала алган эмес, бирок балдар үйүнүн директоруна жана медсестрага телефон чалган. Ошондон бир нече мүнөттөн кийин директор дароо келген, маалымат алар замат анын өзү дагы медсестрага телефон чалган. Директор менен медсестра бир убакта келип, баланы эсине келтирүүгө аракет көрүшкөн. Ошондон кийин алар Игорь Якунинди “Тез жардамга” жеткиришет. “Тез жардамдын” дарыгерлери баланын өлгөнүн аныктап, ошол замат эле түзүлгөн кырдаалды Чүй областынын Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө билдиришет. Игорь Якуниндин денесин изилдеп кароо Сокулук районунун ИИБ соттук-медициналык эксперти жана ОДП боюнча кызматкери тарабынан балдар үйүнүн директорунун катышуусунда жүргүзүлгөн, анын жүрүшүндө баланын денесинде өлүмгө алып келген зомбулуктун издери табылган эмес (тийиштүү протокол жана фотосүрөттөр бар). Бир гана оң тизесинде сүрүлүп сыйрылган жери көрүнгөн.
  • 2021-жылы 2-июнда саат 9:48де электрондук почта аркылуу Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн директорунан 1-июнда Игорь Якунин менен болгон трагедиялык инцидент жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигине расмий кайрылуу келген.
  • 2021-жылы 2-июнда Билим берүү жана илим министрлиги атайын комиссия түзгөн, ага Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле министрликтин юристтери кирген. Комиссия окуя болгон жерге дароо барып, ишти териштирген. Балдар үйүнүн кызматкерлери менен медсестраны сурамжылоо жүргүзүлгөн. Балдардын жаман психологиялык абалын жана укук коргоо органдарынын алдыда аткара турган иштерин эске алып, аларды сурамжылоо болгон эмес.
Unknown Author