Вице-спикер Бишкектеги 4 райондун аталышын алмаштыруу керектигин айтты
Бишкектеги 4 райондун аталышын алмаштыруу керектигин комитет жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев айтты.
"Кыргыздын жакшы аттары бар да. Ошолордон коёлу деп жатам. Первомайский, Октябрский дегендер качантан бери келе жатат",- деди ал.