SerepTV Logo

Вице-мэр Жамалбек Ырсалиев: «Жамгыр жаабаса, анда мэр экөөбүз көчөгө чыгып ыйласак дагы суу болбойт»

Вице-мэр Жамалбек Ырсалиев: «Жамгыр жаабаса, анда мэр экөөбүз көчөгө чыгып ыйласак дагы суу болбойт»
Бишкек шаарынын тургундары сууну үнөмдүү колдонушпайт, бакчаларын ичүүчү суу менен сугарып, унаа жуучу жайларда да ичүүчү сууну пайдаланышат. Бул тууралуу вице-мэр Жамалбек Ырсалиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди. «Жамгыр жаабаса, анда мэр экөөбүз көчөгө чыгып ыйласак дагы суу болбойт. Суу — бул жаратылыштын берген белеги. «Бишкек суу канал» ишканасында 300, «Бишкек жашылдандырууда» 17 скважина бар. 17 метр тереңдикке түшүрдүк, кургакчылык болгондуктан суу аз болуп жатат», - дейт вице-мэр. Ошондой эле Жамалбек Ырсалиев сууну үнөмдүү пайдаланууга үндөдү.
Unknown Author