Ветинспекцияга жаңы жетекчи дайындалды
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси болуп Самир Осмоналиев дайындалды. Бул тууралуу парламенттин бүгүн, 25-марттагы жыйынында айтылды.
Ал ушул кызматта 2014-жылдын июлунан тарта 2015-жылдын ноябрына чейин эмгектенген болчу.