Вакцина алгандан кийин көз жумду делген аялдын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза аяктады
Бишкек шаардык илимий изилдөө борборунун токсикология бөлүмүндө көз жумган аялдын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза аяктады. Бул тууралуу журналисттерге Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунан билдиришти.
«Корутунду тергөөчүгө 10-сентябрда берилген. Вакцинациянын таасири болгонбу же жокпу аны дарыгерлердин - иммунология тармагынын адистеринин катышуусу менен соттук-медициналык экспертиза аныкташы керек", - дешти борбордон.
22-июлда Бишкекте 46 жаштагы Назгүл Исакова аттуу жаран каза болгон. Жакындары анын «Sputnik V» вакцинасын алганын айтышкан. Кийинчерээк Саламаттык сактоо министрлигинде эксперттик комиссия түзүлгөн.