"Уялчаак депутаттын кылыгы - Жогорку Кеңештин депутаттарынын көрсөткүчү". Исхак Масалиев Жолдошбаевдин уятсыз кылыгы боюнча үн катты
Экс-депутат Исхак Масалиев учурда интернет айдыңында кызуу талкууга түшкөн депутат Камчыбек Жолдошбаевдин сөгүнгөн видеосу боюнча үн катты.
Анын айтымында, бул мамиле жалпы Жогорку Кеңештин депутаттарынын көрсөткүчү.
“Мыйзамсыз мөөнөтүңөрдү узарттыңар десе-ме сага, мыйзамдарды одоно буздуңар десек-ме сага, кеткиле десе-ме сага...
Жөнөкөй жарандар менен бийликте отурган кишилердин ортосундагы ажырым өсүп баратат. Түшүнбөсөңөр- камап таштайбыз...”,- деди Масалиев.