USAID: "Баткенде 2 жашка чейинки балдардын 18% гана минималдуу керектүү азыкты алат"
Баткенде 6 айдан 2 жашка чейинки балдардын 18 пайызы гана минималдуу керектүү азыкты алат. Бул тууралуу USAID уюмунун "Мыкты азыктануу” долбоору үчүн M-Vector уюму жүргүзгөн изилдөө учурунда белгилүү болду.
Изилдөө 2020-жылдын ноябрь айында Баткен жана Жалал- Абад облустарында өткөрүлүп, ага 2 жашка чейинки балдарды бар 2 миң 91 эне катышкан.
"Сурамжылоого катышкан энелердин 90%га жакыны алардын 6 дан 23 айга чейинки балдары акыркы 24 саат ичинде момпосуйлар, таттуу токочтор, газдалган таттуу суусундуктар, чипсы сыяктуу “зыяндуу азыктарды” жегенин маалымдашкан. Мындай азыктарды көп колдонуу - бул балдардын бою өспөй калышына жана ашыкча салмакка алып келиши мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Уюмдун билдирүүсүндө, “Мыкты азыктануу” долбоору эненин жана баланын ден соолугу чың болуусу үчүн толук баалуу тамактануу, гигиена жана санитария эрежелери боюнча Баткен жана Жалал-Абад облусунда маалымат берип жатат. Өткөн жылы долбоор 2 миңден ашык активистти тартып, туура тамактануу боюнча окуудан өткөрдү. Окуудан өткөн активисттер 17 миң кожолукка маалымат таратышты.
"Изилдөө алты айга чейинки ымыркайлардын жарымы гана жалаң эне сүтү менен багылганын көрсөттү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму алты айга чейинки ымыркайлар жалаң гана эне сүтү менен тамактанышы керек деп сунуштайт. Башка азыктар жана суу берүү баланын ден соолугуна зыян алып келиши мүмкүн", - дешет уюмдан.
Жаңы изилдөөгө ылайык, Баткенде 6-23 ай курагындагы балдардын 18% гана минималдуу керектүү азыкты алат. Бул балдар сүт азыктары, жер- жемиштер, буурчак өсүмдүктөрү жана жаңгактар, эт азыктары, жумуртка, жашылчалар сыяктуу түрдүү тамак-аштын жардамы менен витаминдерди жана пайдалуу элементтерди ала албайт дегенди билдирет. Жетишсиз тамактануу ымыркайлардын жана балдардын толук кандуу интеллектуалдык жана физикалык өөрчүшүнө бөгөт болот.